"Эмгек" саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкерлери бул ирет Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун тургундары менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттыкка талапкер Талантбек Рысбек уулу партиянын программасында шаарды өнүктүрүү үчүн керектүү болгон долбоорлор сунушталып жатканын айтты. Бул долбоорлор ишке ашса, анда калаадагы чоң өзгөрүүлөр бишкектиктердин жашоосун жакшыртып, шаарда туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кыларын белгиледи.
"Биздин партия “Демилгелүү шаар” деген программасын сунуштап жатат. Ал программада шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылган жана турмушубуздагы көйгөйлөрдүн чечүү жолдору белгиленген. Биз шаарды эффективдүү башкарабыз, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзөбүз. Ошондой эле таштандыларды сорттоо маданиятын калыптандырып, шаарыбызды жашылдандырып жана экологиябызды жакшыртууга басым кылабыз. Андан сырткары, транспорт саясатын ишке ашырабыз, шаардыктарга ыңгайлуу, заманбап эс алуучу жайларды салып, сергек жашоону тартуулайбыз жана башка бир топ багыттар боюнча иш алып барабыз", - деди ал.
Ошондой эле дагы бир талапкер Даирбек Мурадинов шайлоочуларга кайрылып, туура тандоо жасоого чакырды.
"Бишкектин эртеңки тагдыры сиздердин колуңуздарда. Эгер өнүгүп-өсөлү десек, туура тандоо кылуубуз керек. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошом деп бардык жоопкерчиликти алууга даяр адамдардын келишин кааласаңыз, анда “Эмгек” партиясын тандаңыздар!” - деп баса белгиледи Мурадинов.
Ак-Өргөнүн тургундары ар убак элине ак кызматтарын өтөп келген “Эмгек” партиясынын командасын чын дилинен колдоорун айтышып, ак ниеттерин билдиришти. Ошондой эле алар талапкерлерге ак батасын беришти.
“Эмгек” саясий партиясынын үгүт иштери уланып жатат.
“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.