Бүгүн, 5-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 131 миллион 331 миң 737 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 74 миллион 480 миң 737 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 853 миң 242 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 706 миң 121 болду. 555 миң 001 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 12 миллион 984 миң 956 адам вируска кабылган. 331 миң 433 бейтап көз жумса, 11 миллион 343 миң 607 бейтап оорудан сакайды.
Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 589 миң 67 адамдан аныкталды. 165 миң 101 адам каза болсо, 11 миллион 682 миң 136 бейтап айыкты.