Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында катуу жааган жамгыр суу ташкынына алып келип, кырсыктын кесепетинен 55 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, суу ташкыны Индонезиянын Флорес шаарынан чыгышка агып келген. Селден кийин жүздөгөн адамдардын үйлөрү жабыркаган. Жергиликтүү полиция кызматкерлери кеминде 40 адам дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Издөө жана куткаруу иштери улантылып жатканы белгиленди.