АКШ бийлиги Британ-шведдик AstraZeneca компаниясынын коронавирус вакцинасын Балтимор шаарындагы Emergent Biosolutions заводунда өндүрүүнү токтотот. Тиешелүү чечимди Американын президенти Жо Байдендин администрациясы кабыл алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, завод америкалык Johnson & Johnson вакцинасын чыгарууну улантат, анын жардамы менен АКШ өлкөдө эмдөөнүн темпин тездетүүнү каалайт.
AstraZeneca АКШда жаңы вакцина өндүрүүчү жерди табуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Заводдун өкүлү компания келишимдин өзгөртүлгөн вариантын алмайынча, вакцинаны өндүрүү токтобой тургандыгын тактаган.
Бийлик мындай чечимди эки өндүрүүчүнүн ингредиенттери жаңылыштык менен аралашып кетип, Johnson & Johnson вакцинасынын 15 миллион дозасы бузулуп кеткенден кийин кабыл алган.