Египеттен Каирге алып келинген 22 фараондун мумиясы 18-апрелден баштап жалпы элдин назарына коюлат. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Экспонаттар Египеттин Улуттук музейинен жаңы Улуттук цивилизация музейине ташылып бара жатканда, шаардын миңдеген тургундары кортежди көрүү үчүн сыртка чыгышты. Иш-чара "Фараондордун алтын парады" деп аталды.
Мумиялар 1881 жана 1898-жылдары Египеттин байыркы борбору Фиванын жанындагы эки мүрзөдөн табылган. Арасында 18 падыша жана төрт ханыша болгон. Мумиялардын тарыхы биздин заманга чейинки 1580-1085-жылдары Египетте бийлик жүргүзгөн фараондор династиясынын доорунан башталат.
Парад күн баткандан кийин башталып, баш калаанын борбордук бөлүгүндөгү бир нече көчөлөргө бөгөт коюлган. Ар бир экспонат өз-өзүнчө байыркы Египет стилинде кооздолгон унаа менен алып келинген.
Кортежди Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси, туризм министри Халед аль-Анани жана башка бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан. Египет цивилизациясынын Улуттук музейинде масштабдуу концерт уюштурулган.