Муфтият: "Орозо тууралуу кээ бир календарлар туура эмес болушу мүмкүн"

Учурда сатыкка чыгып жаткан айрым Орозо календарлары туура эмес болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына байланышканыбызда белгилүү болду.

"Азыркы учурда сатыкка чыгып жаткан айрым Орозо тууралуу календарларда 20 мүнөт айырма менен түзүлүптүр. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен макулдашып чыккан орозо календарларын алууга чакырабыз. Айырмачылыктар менен чыгып калган календарлар карапайым калктын орозосунун бузулуп калышына себеп болбошу керек. Муфтият тарабынан тастыкталып, бекитилген орозо календары бүгүн же эртең расмий сайтыбызга электрондук варианты чыгат. Электрондук календарларды өзүбүздүн булактарыбызга, ЖМКларга таратабыз. Ошолордон көрүп пайдаланышса жакшы болот", - деп билдиришти муфтияттан.

Белгилей кетсек, мусулмандардын ыйык Орозо айы быйыл 13-апрелде же 14-апрелде башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан