Орусиянын Тюмень облусунда Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

Орусиянын Тюмень облусунда 11-12-октябрь күндөрү "Биримдик" кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Кыргызстандын маданият күндөрү болуп өттү. Бул тууралуу 16-октябрда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага КРнын Екатеринбург шаарындагы консулу Төлөнбай Кожобаев, аталган ассоциациянын жетекчиси Кадырбек Бусурманкулов, жогорку окуу жайлардын жана кыргыз диаспораларынын  өкүлдөрү катышты. 11-октябрда кыргыз диаспораларынын "Биримдик", "Ак-Шоола" жана "Байчечекей" чыгармачыл жамааттары концерттик программасын сунуштады. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан театрлаштырылган көрүнүштөр коюлду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан