3-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында 7 унааны жүктөп келе жаткан Трал өрттөнүп, унаалар толугу менен күйүп кеткен. Өрттөнүп кеткен унаалардын чыгымы 65 миң долларды түзүүдө. Бул тууралуу айдоочу Белек Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, унаалар Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө ташылып келе жаткан. Өрттөнүп кеткен унаалардын чыгымы 65 миң долларды түзүүдө. Алар Хонда Фит, Хонда Стэпвагон, Тойота Альфард жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар болгон.
Айдоочу өрттөнүп кеткен унаалардын ээлеринен кечирим сурап, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мен Белек Аттокуров өрттөнүп кеткен Тралдын айдоочусу болом. Бул унааны бөлөм экөөбүз карызга алган болчубуз. Өзүм Бишкекте жашайм, 3 балам бар. Кырсык болуп, күтүлбөгөн жерден унаалар токтотуучу жайга жетпей күйүп кетти. Колдон келген жарадамыңыздарды көрсөтсөңүздөр жакшы болот эле", - деп билдирди ал.
Жардам берүүнү каалаган кайрымдуу инсандар төмөнкү телефон номерлерге байланышса болот:
Элсом: 0704 54 64 88;
Сбербанк: 5469550037531370.