Мэрия: "Бишкектин жаңы конуштарына жарык берүүчү чырактар орнотулууда"

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолу Көлмө конушунун, Сарыкулаков көчөсүнө 12 жарык диодду чырак, Илим көчөсүнүн боюна 17 фонарь орнотулган.

"Андан сырткары Оренбург, Айдаралиев, Ош жана Ашхабад, Чехов көчөлөрүндө, ошондой эле Оренбург, Новосибирск, Ош жана Ашхабад чолок көчөлөрүндө дайыма жарык болот. Аталган аймактарга 30дан ашык чырак орнотулган", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарына 15 миңдей жарык чырактар коюлары айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан