"Бир аял каза болуп, 5 адам жаракат алды". АКШнын Алабама штатында жергиликтүү тургундар Пасха майрамын белгилөөгө барган сейил бакта атышуу болду

АКШнын Алабама штатында жүздөгөн жергиликтүү тургундар Пасха майрамын белгилөөгө барган сейил бакта атышуу болуп, бир аял каза болуп, беш адам жаракат алышты. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, атышуу бир топ эркектердин пикир келишпестигинен улам башталган. Андан кийин алардын айрымдары аялдар отурган унаага кол салышып, атышуу башталган. Каза болгон 32 жаштагы аял башынан, дагы бири көкүрөгүнөн жаракат алган. Ал эми жабыркагандардын бардыгы ооруканага жаткырылды, анын ичинде эки өспүрүм жана 4 жаштагы бала бар.
Белгиленгендей, каза болгондор чыр-чатактын катышуучулары эмес, өтүп бара жаткан адамдар же мажбурлап күбө болушкандар деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан