
АКШда коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат. Бул тууралуу эпидемиологдун билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эпидемиологдун айтымында, өлкө "дээрлик жаңы пандемияга кептелген". Ошондой эле бирден бир жакшы жаңылык - учурдагы вакциналар британиялык COVID-19 вариантына каршы натыйжалуу.
Буга чейин АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана жайылтуу борборунун башчысы өлкөдө коронавирус көбөйүп бараткан шартта "жакында өлүм" сезими жөнүндө айтып, пандемиянын төртүнчү толкунунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө да айткан.