«Ишеним» партиясы: Бишкек – чакан жана орто бизнестин бейишине айланат!

Бишкек – кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн шаары. Кудайга шүгүр, колунан иш келген, жоктон бар кылган жаратман жарандарыбыз толуп жатат. Тилекке каршы, бизде чакан же орто бизнес ачам дегендердин иши шыр эле жүрүп кетпейт. Демилгелүү мекендештерибиздин демин суутуп койчу административдик тоскоолдуктар толуп жатат. «Ишеним» саясий партиясы эффективдүү башкаруу менен ишкерчиликти комплекстүү түрдө колдоого алып, тоскоолдуктардын баарын жоюп, ишкерчиликке «жашыл жарык» жандыра алат. Бул үчүн кайрадан «велосипед ойлоп табуунун» кереги жок. Болгону профессионалдуулук жана бекем эрк керек. Партиябыздын шайлоо алдындагы программасында шаардык экономиканы өнүктүрүү боюнча конкерттүү пландар белгиленген:

Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу

Биз муниципалдык реформа жасайбыз. Кереги жок органдар кыскартылып, ашыкча уруксат кагаздарын жоёбуз. Инвестицияларды тартуу үчүн ишкердик климатты жакшыртабыз. Муниципалдык активдерди эффективдүү башкаруу жолго коюлат.

Шаардык бизнес-инфраструктураны калыптандыруу
Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Бишкектин заманбап бизнес-инфраструктурасын түзөбүз. Бизнести каттоо, лицензияларды берүү жана башка уруксат берүүчү документтерди алууда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырабыз. Документтерди берүү мөөнөтүн азайтабыз. Документтерди топтоо иштери толугу менен электрондоштурулуп, «Калкты тейлөө борборлорунда» «бирдиктүү терезе» аркылуу ишке ашырылат.

Кичи жана орто бизнести колдоо жана коргоо

Ишкерлерди колдоо үчүн Бизнес-инкубаторлор түзүлөт. Ал жакта ишкерлер маркетинг, өндүрүштү уюштуруу, юридикалык сабатын жоюу, бухучёт сыяктуу тармактарда сабак алып, профессионалдык билимин жогорулата алышат. Бизнес коомчулуктун шашылыш кайрылууларын кабыл алуу үчүн шаардык call-center ишке кирип, ишкерлер кызыктырган бардык суроолоруна күнү-түнү жооп ала алышат.

Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк

Ишкерчиликти туруктуу өнүктүрүү үчүн «Мамлекеттик – менчик өнөктөштүк» мыйзамындагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланабыз. Жаңы ишканаларды салууда шаар өнөктөш болот. Шаардыктар менен инвесторлордун ашыкча акчасын аккумуляция кылуу үчүн шаарды өнүктүрүү фонду түзүлөт.

Шаардык экономиканын туруктуу өнүгүүсү

Шаардык экономиканы өнүктүрүүдө - жергиликтүү өнөр жайга, экспортко багытталган өндүрүшкө көбүрөөк басым жасалат. Шаардын соода инфраструктурасын өнүктүрүү багытында чечкиндүү аракеттер жасалып, базарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын тегерегин жакшыртып, «көмүскө экономиканын» үлүшүн азайтууга күч жумшалат.

Дал ушундай «жол карта» менен биз Бишкектеги чакан жана орто бизнестин үлүшүн арттырып, шаардык экономикага жаңы дем бере алабыз. Программабыз командабыздагы адистер, өз ишин мыкты билген эксперттер менен терең талдоого алынып жазылган. Буларды биз сөзсүз ишке ашырабыз!

№7 – «Ишеним» - профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.

«Ишеним» партиясы: Бишкек – чакан жана орто бизнестин бейишине айланат!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulanbek2000
2021-04-05 23:07:42
Жомокту койгулачы айланайындар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан