Канаданын Питерборо шаарынын Онтарио провинциясынын кичинекей тургуну "Гиннесстин рекорддор китебине" эң узун сүт тиштин ээси катары кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, тиш дарыгери Люк Болтон аттуу баланын узундугу 2,5 сантиметрди түзгөн сүт тишин сууруп алган. Анын тиши "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун сүт тиш катары катталды. Мындай узундуктагы сүт тиш буга чейин катталган эмес. Баланын жакындарынын айтымында, сүт тиши 2019-жылдын 17-сентябрында эле сууруп алынган. Анда Люк Болтон 8 жашта болчу. Аталган рекорддор китебине жиберген билдирүүсү кабыл алынганын жакында гана билишкен. Азырынча катталган рекордду тастыктаган сертификат бериле элек.
"Мындай узун тиштин ооздо болушун элестетүү кыйын", - деген Люктун атасы. Ошондой эле "Гиннесстин рекорддор китебине" билдирүү жиберүү улуу кызы Леянын идеясы болгонун, ал эми Люк рекордду тастыктаган сертификат алганда, сүт тишин экспонат катары коёрун кошумчалап өткөн.