Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 30-октябрда Бишкекте 50 түгөйдүн үйлөнүү тоюн өткөрүүнү пландоодо. Муну бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында аталган министрликтин жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Кушчубек Шабралиев айтты. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун буйругу менен жуптарды тандоо боюнча комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына ЖКнын аппаратынын, аталган министрликтин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү кирди. Учурда иш-чарага катышууну каалаган 110 жуптан арыз келип түштү, эми алардын ичинен талаптарга жооп берген 50 жупту тандап алуу иши турат.
"Министрликтин көмөгү менен 2011-жылы 20 жуп баш кошсо, 2012-жылы 35 жуптун үйлөнүү тою өткөрүлгөн. Бул иш-чара салттуу көрүнүшкө айланып, ага катышуучу жаштардын саны да өсүп жатканы байкалууда",- дейт Шабралиев. Быйылкы үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө 3 миллион сомго жакын каражат чыгымдалат экен.