Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору коронавируска каршы эмделди

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу SUPER.KG порталынан ага байланышканыбызда билдирди.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иш-чаралары уланууда.

"29-марттан баштап өлкөдө 3 этап менен эмдөө башталды. Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Мен кечээ күнү "SinoPfarm" вакцинасы менен эмделдим. Азыр абалым жакшы. Эмдөө алдында жарым саат медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болдум. Сатурациямды, кан басымымды текшерип, андан соң эмделдим.

Эмдөө алган соң да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болдум. Бүгүн да абалым жакшы өзүмдү жакшы карап жатам. Учурда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес. Күнүнө биздин мекемеге 100 адам кайрылып жатат. Ошондуктан суранып кетер элем, туура түшүнүп, бет кап тагынып, дистанцияны сактап, өзүбүздү карайлы. Кошуна Казакстан Республикасында күнүнө 2 миң 500 адамдан оору аныкталып аябай курч убагы. Эртең, 7-апрель - Дүйнөлүк ден соолук күнү, бардык мекендештеримди сергек жашоого чакырам", - деди Алтымышева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан