Жарандардын 80 пайызы добуш берүүгө ниеттенишүүдө

Калктын 73 пайызы 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жакшы билишет. Алардын ичинен 80 пайызы шайлоого катышууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Жалпы иш" коомдук фонду өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарында белгилүү болду.

Ага ылайык, мындай маалымат "Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө калктын пикири" аттуу отчётто камтылган. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчёт 2021-жылдын 3-17-марттагы мезгилди камтыйт.

"Респонденттердин 22 пайызы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы жогору болгондугун белгилешти. Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгынын себептерин териштирип, 61 пайызы шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба деп аташты.

Респонденттердин 20 пайызы бул шайлоодо добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан