Темир Сариев: "Шаарлардагы ири курулуштардын жүрүп жатышы Кыргызстанда саясий туруктуулук бар экенин билдирет"
Кыргызстандын шаарларындагы ири курулуштардын жүрүп жатышы өлкөдө саясий жана экономикалык
туруктуулук бар экенин билдирет. Муну бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында экономика министри Темир Сариев айтты. "Ош
жана Бишкекте жүрүп жаткан ири курулуштар Кыргызстандагы туруктуулукту далилдейт. Азыркы
тапта Бишкекте 120 көп кабаттуу имарат курулуп жатат",- деди министр. Мындан сырткары
"Кумтөр" алтын кенинде айнек жана цемент өндүрүшүндө өнүгүү бар экенин белгиледи Сариев.