Сауд Арабиясы ажылыкка байланыштуу жаңы чечим кабыл алды

Сауд Арабиясы эмдөөдөн өткөн же коронавирустан айыккан адамдарга гана ажылык сапарга уруксат берет. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, COVID-19 эпидемиясына байланыштуу кабыл алынган мындай чечим Орозо айы кирери менен ишке ашырыла баштайт. Тагыраагы, орозонун башталышы менен кичи ажылыкка зыяратка барчулар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек же вирус менен ооруп айыгышы керек.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы кайсы вакцинаны колдонуу тууралуу маалымат берген жок. Ушул тапта Сауд Арабиясында вирустан каза болгон адамдардын саны 6 миң 697ге чейин жетсе, жалпы вирус менен ооруган 392 миң 682 учур катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2021-04-07 09:50:04
Демек вакцина алабыз..айла жок.
+1
SHahabidin-jabborov
2021-04-07 10:25:00
Ажылык болобу ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан