"Парламентти таратуу жөнөкөй маселе эмес" - деди Темир Сариев

Экономика министри Темир Сариев парламентти таратуу маселеси боюнча бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында пикирин айтты. "Парламентти таратуу бул жөнөкөй маселе эмес. Бул кайрадан бийлик үчүн күрөшүүгө алып келет. Парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Жакынкы шайлоолордо жеңишке жетишпей калган партиялардын нааразычылыгын жаратат. Башкача айтканда, саясий, социалдык туруксуздукту жаратуу аракети болот. Ошондуктан шайлоолордун ачык өтүшү үчүн жаңы мыйзам жазып чыгуу кажет",- деди Сариев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан