Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өттү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы Орусиянын Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, анын абалы учурда жакшы. Вакцинанын эч кандай кыйыр таасири байкалган эмес.

Ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү менен вирусту жеңип, кадимки жашоого кайтып келүүгө шарт түзөрүн билдиргендигин кошумчалаган.

"Өлкө башчы бардык жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды. Бул өзүн жана жакындарын сактоонун бирден бир жолу экенин айтты", - деген маалымат катчы Берик Уали.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан