Колдонуучулар арасындагы популярдуу браузерлер аталды

Колдонуучулар арасындагы популярдуу браузерлердин ичинен Microsoft Edge 3-орунга жайгашты. Дагы кайсы браузерлер популярдуулукка ээ? Төмөндө Statcounter аналитикалык компаниясынын эксперттери түзгөн тизмеге көз чаптырсак.

Компаниянын аналитикалык жыйынтыгына ылайык, популярдуу браузерлердин сап башында 67,09 пайыз менен Chrome турат. Экинчи орунга 10,13 пайыз менен Apple'ге таандык Safari браузери жайгашкан. Ал эми популярдуулугу боюнча үчүнчү орунга 8,04 жана 7,97 пайыз менен Microsoft Edge браузери илинген. Төмөнү саптарда Opera жана Microsoft'ко таандык Internet Explorer браузери жайгашкан.

Эксперттердин айтымында, Microsoft Edge браузери жакшы көрсөткүчкө жете алган. Мындай көрсөткүч менен жакын арада Safari браузерин артка ташташы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан