Америкалык теле жылдыз жана ишкер Ким Кардашьян миллиардерлердин катарына кирди

Америкалык теле жылдыз жана ишкер Ким Кардашьян биринчи жолу миллиардерлердин катарына кирди. Бул тууралуу The World's Billionaires түзгөн рейтинг Forbes басылмасына жарыялангандыгын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Эксперттердин эсептөөсүнө ылайык, 40 жаштагы Ким Кардашьяндын байлыгы 1 миллиард доллар деп бааланууда. Буга чейин, тактап айтканда 2020-жылдын октябрында анын байлыгы 780 миллион долларды түзөрү айтылган болчу. "Кардашьяндын үй-бүлөсү" аттуу реалити-шоу, социалдык тармактардагы жарнамасынан тапкан кирешесинен сырткары KKW Beauty аттуу косметикалык брендинен жана Skims ич кийим чыгарган дүкөнүнөн да туруктуу киреше булагы бар.

The World's Billionaires жыл сайын жаз айында миллиардерлердин рейтингин Forbes журналына жарыялап турат. Бул рейтинг 1987-жылдан бери жарыяланып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mylatka..
2021-04-07 12:06:21
Булар байлыгын эмне кылышат.?
0
Ulia...
2021-04-07 13:18:04
Мага кичине жардам кылганыда уй салып алмакмын
0
Mister-XXX
2021-04-07 17:19:47
Армян кыз боп кетиптир да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан