Орусиялык дарыгер коронавируска каршы эмдөө албай коюунун кесепетин айтты

Коронавируска каршы эмдөөдөн баш тартуу менен вирустун жайылышын жана мутацияланышына жол берилет. Бул өз кезегинде экономикага жана саламаттыкты сактоо тармагына зыянын тийгизет. Бул тууралуу Орусиядагы менчик "Инвитро" медициналык мекемесинин негиздөөчүсү, врач-реаниматолог Александр Островский билдиргендигин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Александр Островский сурамжылоодо көпчүлүк орусиялыктар коронавируска каршы эмдөө алуудан баш тартышкандыгын айткан. Дарыгердин айтымында, эмдөөдөн баш тартуу кейиштүү жыйынтыкка алып келет. "Коронавируска каршы эмдөөдөн баш тартууда вирус мутацияланып, жаңы, башкача кооптуу формасына өтүп жугуштуулугу жогорулай берет. Эмдөө ар бир адамдын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт. Бирок бардык жарандар эмдөөдөн өтсө, вирусту жеңүү, мурункудай жай турмушка кайтып келүү оңой болот", - деген дарыгер.

Ошондой эле вирустун күч алышы өлкөнүн экономикасына, саламаттыкты сактоо тармагына түздөн-түз терс таасирин берип жатканын айтып өткөн. Андан сырткары бет кап тагынбаган адамдарды унаада баратып коопсуздук курун тагынбаган адамга салыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан