Кытайдын Сучжоу шаарында кудум кинодогудай таң калычтуу окуя катталды. Тагыраагы, Кытайдын тургуну уулунун үлпөт тоюнда келини 20 жыл мурда дайынсыз жоголгон кызы экенин билген. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, жигиттин апасы үйлөнүү үлпөт тою өтүп жаткан маалда келининин колундагы табигый меңин байкап калган. Мындан 20 жыл мурда дайынсыз жоголгон кызынын колунда да дал ошондой мең бар болгон. Жүрөгү сезген кайын эне келиндин ата-энесинен алардын кызы тууралуу сураганда, алар мындан 20 жыл мурда кызды багып алышканын айтышкан.
Келин кайын энеси анын биологиялык апасы экенин укканда, кубанганынан ыйлап жиберген. Себеби ал ар дайым өз энесин табууну кыялданып келген. Бирок эки жаштын тоюн да өткөрүшкөн. Себеби баласы анын биологиялык уулу эмес, кызы жоголгондо багып алгандыгы айтылган маалыматта.