Бүгүн, 7-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 132 миллион 302 миң 451 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 75 миллион 126 миң 461 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 871 миң 786 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 846 миң 396 болду. 556 миң 509 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 100 миң 580 адам вируска кабылган. 336 миң 947 бейтап көз жумса, 11 миллион 459 миң 548 бейтап оорудан сакайды.
Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 686 миң 49 адамдан аныкталды. 165 миң 547 адам каза болсо, 11 миллион 732 миң 279 бейтап айыкты.