“Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Төрөгелди Узакбаев менен келечектеги пландары тууралуу маек курдук. Жаш ишкер Төрөгелдинин ысымы пандемия маалында жарк деп чыгып, айрыкча бишкектиктердин алкышына татыганы баарыбыздын эсибизде. Анткени өткөн жылы капыстан келген COVID-19 илдетинин кесепетинен жалпы элибиз туш болгон кыйынчылыкка кайдыгер карабай, жардамга муктаж адамдарга кол сунган адамдардын бири Төрөгелди Узакбаев болгон.
- Төрөгелди мырза, биз сизди өлкөдө коронавирус илдети күчөп турган маалда колунан келген жардамыңызды аянбастан, элге чоң жардам берип келгениңизди абдан жакшы билебиз. Сиз мындай кадамдарга баруу менен өзүңүздү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына алдын ала даярдап жүргөн эмес белеңиз же ишкер катары да муктаж адамдарга буга чейин да жардам берип келгенсизби?
- Мен эми муктаж жана колдоого зарыл болгон адамдарга кылган жардамымды пиар кылыш үчүн же ошонун арты менен өзүмдү элге таанытып, кандайдыр бир креслого жетүүнү эмес, бир гана соопчулук үчүн берип келе жатам десем туура болот. Анткени динде дагы “оң колуң бергенди сол колуң билбесин” дейт. Мындан улам мен кылган ишимди эч качан пиар кылбайм. Ал эми пандемия учурунда элибиз колдоого муктаж болуп турганда “Дордой” курулуш маркетинин жетекчиси катары “Аламүдүн” базарынын бюджетинин эсебинен жана өзүмдүн чөнтөгүмдөн карыларга, жетим-жесирлерге жана колдоого муктаж адамдарга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөн тартып, жүздөгөн, миңдеген медициналык беткаптарды жана башкаларды бекер алып бергенбиз. Бирок анда да өз атыбызды атап, өзүбүздү пиар кылган жокпуз. Болгону кылган жардамыбыз үчүн эл алкыш айтканы бизге чоң күч, дем берди. А негизи пандемияга чейин эле көптөгөн адамдарга өз жардамымды берип келе жатам. Тактап айтканда, өзүмдүн жана “Аламүдүн” базарынын атынан эч кимге жарыя кылбастан ар бир майрамда Свердлов районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колубуздан келген жардамдарды берип келгенбиз. Ошондой эле шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдарынын чатырларын, короолорун оңдоого да өз салымыбызды кошуп келгенибизди шаарлыктар жакшы билет.
- Дегеле буга чейин коомчулукка анча белгилүү болбогон Төрөгелди деген ким? – деген суроо баарыбызды эле кызыктырып калды көрүнөт. Сиз өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.
- Мен Узакбаев Төрөгелди Закирбекович 1991-жылы 22-октябрда Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында туулгам. Турмуш-шартка байланыштуу ата-энем Каракол шаарына көчүп барып, ал жакта эки жылдай жашагандан кийин борбор калаага көчүп келгенбиз. Орто билимди Бишкектеги №70 гимназияда 9-класска чейин алып, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда бухгалтердик эсеп боюнча билим алдым. Андан кийин Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург университетине өз күчүм менен бюджетке өтүп кеттим. Ошентип ал жакта 5 жыл окуп, кызыл диплом менен окуумду ийгиликтүү аяктадым. Учурда келинчегим экөөбүз бир уулду тарбиялап жатабыз.
- Сизди ишкер, уюштургуч менеджер катары тааныйбыз. Эмне себептен депутаттыкка аттанып жатасыз?
- Окууну аяктагандан кийин Орусиянын жарандыгын алып, мамлекеттик жумушта иштөөгө сунуштар түштү. Бирок мен ал сунуштан баш тартып, өз мекениме кайтып келип, мамлекетибизге кызмат кылууну туура көрдүм. Буга да ата-энемдин мекенибизди сүйүп, патриот адам катары элибизге жана жерибизге ак кызмат кылса деген кыялдары, тарбиясы түрткү болду окшойт. Тилекке каршы, бул жакка келгенден кийин алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу кыйын болду. Бирок Кудайга шүгүр, мүңкүрөп жашоонун кыйынчылыктарына моюн сунуп отуруп калган жокпуз. Азыр ошол пландарды ишке ашырып, өлкөнүн өнүгүшүнө жана элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга өз салымымды кошсом деген аруу тилек, жакшы ой максаттар менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам.
- Төрөгелди мырза, депутаттыкка аттанып жаткан ийгиликтүү жаштардын бирисиз. Негизи эле ийгиликке жетүүңүздүн сыры эмнеде?
- Буга чейин белгилегендей, ата-энемдин тарбиясы болсо керек. Анткени өзүмдүн жетишкендиктеримди ата-энемдин эмгеги деп эсептейм жана алар менен сыймыктанам. Албетте, ийгиликке жетүүмө алган билимимдин да пайдасы болду. Бирок ийгиликке жетүү оңой болгон жок. Мен да эмгек жолумду катардагы жумушчу болуудан баштадым. Бүгүн минтип талыкпас эмгектин аркасы менен “Дордой” курулуш маркетинин жетекчилигине чейин жетип, азыр анын үзүрүн көрүп жатам десем туура болот. Негизи кандай гана иш болбосун, анын майын чыгарып, бардык нерсеге оптимисттик көз караш менен карап, түйшүктөн качпай, изденип, талыкпай өз жумушуңду сүйсөң, ошондо гана адам ийгиликке жетет го деп эсептейм. Ошондуктан мен ишкерликтеби же башка эле жумуштардабы бийиктикке жетиш үчүн кылып жаткан ишиңди сүйүп, аны так аткарып, билимиңди күн сайын өнүктүрүп, изденип, адамдар менен тил табышып жана аларга адилет мамиле кылсаң гана эмектин үзүрүн көрөрүңө ынандым.
- Эгер “Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келсеңиз эң алгач кайсы маселелерди көтөрөсүз?
- Бишкек шаары бир убакта СССРдин эң жашыл шаарларынын бири деп эсептелген. Азыр Бишкек абасы булганган дүйнөдөгү шаарлардын катарына киргени, парктардын аянтынын кыскарышы өкүндүрөт. Биз жана балдарыбыз кайсы убакка чейин ыш баскан, жолдору тыгын, коопсуз жана ыңгайсыз шаарда жашай беришибиз керек? Бишкекти заманбап, ыңгайлуу жана жашыл шаарга айландырууга убакыт келди. Мен айтып жаткан маселелерди чечүү жолдору биздин “Эмгек” партиясынын программасында камтылган. Мисалы, биз бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн 100 чакырым веложол, 200 чакырым жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол курууну сунуштап жатабыз. Бул жөн гана жөө адамдар жүрүүчү көчө эмес, бул шаардыктардын жана коноктордун эс алуусу, чыгармачылык менен алектенүүсү жана туризм үчүн бардык шарттар түзүлгөн аймак болот. Андан сырткары ар бир кварталга чакан эс алуучу жайларды түзөбүз. Себеп калктуу конуштарда кичи парктар жана скверлер жокко эсе. Буга байланыштуу шаарды жашылдандырып, эс алуу бактарынын аянтын көбөйтүү боюнча пландарыбыз бар.
Ал эми шаардыктардын коопсуздугу үчүн калаа боюнча беш миң видеобайкоочу камерасын орнотууну мерчемдедик. Бул кадамыбыз менен кылмыштуулуктун алдын алууга болот. Биз эгер максаттарыбызды ишке ашырсак, шаарда тартип орноп, эл өзүн коопсуз сезип калат. Аны менен бирге эле жарандарга ыңгайлуу, экологиялык жактан таза коомдук транспорттун түрүн жеткиликтүү камсыз кылалы деп жатабыз. Бул өз кезегинде Бишкектин абасынын булгануусун алдын алууга да жакшы өбөлгө болмок. Башкача айтканда, шаар турмушун экологияга зыян келтирбеген абалга алып келебиз. Мисалы, электр энергиясын шамал жана күндөн алуу боюнча иш пландар бар. Аны менен дизель жана бензин менен жүрүүчү унааларды пропагандалоодон баш тартып, электромобилдерди колдонууга өтүү боюнча шарттарды түзүү мерчемделди.
Демилге. Эмгек. Натыйжа. “Эмгек” партиясы натыйжаны кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтөт.
"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.