Казакстанда жер тилкелерин чет элдиктерге сатууга тыюу салынат

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык Казакстанда чет өлкөлүк жарандарга жана компанияларга айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга толугу менен тыюу салынат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, мажилистин депутаттары мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырышкан. Айыл чарба министри Сапархан Омаров бул мыйзамды эгемендүүлүктү бекемдөө жана калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында жазып чыгышканын билдирген. Ошондой эле жарандардын да пикирлери эске алынганын кошумчалаган.

"2016-жылдын 6-майында чыккан жаңы жарлыкка ылайык чет элдиктерге, жарандыгы жок адамдарга, чет өлкөлүк үлүшү бар башка өлкөлөрдүн жана казак компанияларына айыл чарба жерлерин ижарага берүүгө мораторий киргизилген. Мораторийдин мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктайт. Президент Касым-Жомарт Токаев айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга сатууга жана ижарага берүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салууну тапшырды", - деди Омаров.

Мурда ижарага алынган жерлерди пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин гана иштете алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-04-07 15:06:59
Бизге да керек ушул мыйзам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан