Өзбекстанда Дене тарбия жана спорт министрлиги жана туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин базасында Туризм жана спорт министрлиги түзүлдү. Маалыматты өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кол койгон. Туризм өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Азиз Абдухакимов туризм жана спорт министри болуп дайындалды.
Туризм боюнча мамлекеттик комитет менен Спорт министрлигин бириктирүү планы февраль айында президент Шавкат Мирзийоев тарабынан демилгеленген.