Косово Республикасынын парламенти 38 жаштагы Вьоса Османини өлкөнүн президенти кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Османи бул кызматты ээлеген экинчи аял саясатчы болду. Косовонун биринчи аял президенти Атифете Яхяга болгон. Ал өлкөнү 2011-жылдан 2016-жылга чейин башкарган.
"Косовонун президентин шайлоо үч жолку аракет менен ишке ашты. Вьоса Османи 2005-жылы АКШнын Питтсбург университетинде укук жаатында магистр даражасын алган. 2015-жылы докторлук диссертациясын жактап, илимдин доктору болгон. Османи Косоводогу Приштина университети жана Рочестер технологиялык институтунда сабак берип келген. Албан тилинен сырткары англис, испан, түрк жана серб тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки кыздын апасы", - деп жазылат маалыматта.
Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп чыкканын жарыялаган. Бирок расмий Белград азыркы тапка чейин Косовону Сербиянын бир бөлүгү деп эсептейт. Бир катар мамлекеттер да Косовонун эгемендүүлүгүн тааныбай келет.