Муфтият быйылкы жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2021-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы ар бир адамдан битир-садаканын өлчөмү - 1 килограмм 600 грамм буудай (40 сом), 1 килограмм 600 грамм мейиз (640 сом), 1 килограмм 600 грамм ун (56 сом), 3 килограмм 200 грамм арпа (64 сом), 3 килограмм 200 грамм курма (512 сом).

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.

Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айы 13-апрелде башталары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHahabidin-jabborov
2021-04-07 18:43:09
Аллах жеткирсин барыбызды Орозого
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан