АКШнын президентинин лимузининде белгисиз адамдар отурганы байкалган, аны АКШнын Жо Байден баш болгон жогорку кызмат адамдары гана колдоно алышат. Табышмактуу жүргүнчүлөрү бар унаа көрсөтүлгөн сүрөт Вашингтондогу журналист өзүнүн Telegram каналына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сүрөт 6-апрелде Вашингтондо тартылган. Жарыяланган кадрда америкалык лидердин кортежинин курамында жүрүп бараткан лимузин, анын артынан АКШнын жашыруун кызматынын бир нече унаалары, полиция жана "Тез жардам" кызматы жүргөндүгү көрсөтүлгөн. Жүргүнчүлөр отургучта отурган киши колун көтөрүп, жол боюна чогулган журналисттер, жергиликтүү тургундар менен учурашканын көрүшкөн. Ошол эле учурда бул Байден эмес экендиги байкалган.
Сүрөткө жазган комментарийлерде социалдык тармактын колдонуучулары лимузиндеги адам улуттук аллергиялык жана жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фаучи же Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Башкалары чоочун адам актёр Жим Керрини эске салат деп тамашалашкан.