«Ишеним» партиясы: Экологияны жакшыртуу эң башкы максатыбыз!

Бишкек шаарынын экологиясы бүгүн эң башкы көйгөй. Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башына чыгып, шаардыктардын ден соолугу өтө чоң коркунучка кептелди. Экологдор абанын булганышынын негизги 3 булагы катары Бишкек жылуулук энерго борборунан чыккан түтүн, автоунаалар жана жеке турак жайларды аташты. Албетте, шаарыбызда орун алган экологиялык катастрофа шаар бийлигинин көп жылдан берки аракетсиздигинин натыйжасы болду. Мындай абалды дароо эле жөнгө салуу мүмкүн эмес, бирок чечкиндүү кадамдар менен жакынкы 2-3 жылда керектүү жыйынтыкка жетсе болот. Ал үчүн аракетти бүгүн баштоо керек. «Ишеним» саясий партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында экологиялык коопсуздукту сактоо маселесине өзгөчө басым жасады. Маселени терең түшүнгөн мыкты экологдорду, эксперт, адистерди партиянын катарына кошуп, биргеликте Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу боюнча конкреттүү, реалдуу пландарды иштеп чыккан.

Бишкек жылуулук энерго борборуна мониторинг

Бишкек шаардык кеңеши, ЖЭБ, өкмөт, мэрия, жарандык активисттер, эксперт-экологдордун катышуусунда атайын комиссия түзөбүз.

Күйүүчү отун колдонгон объектилерге көзөмөл кылуу

Экологияга зыян берүүчү заттарды күйгүзгөн ишканаларга, мончо, сауна жана башка объектилерге көзөмөлдү күчөтүп, техникалык фильтрларды орнотууну милдеттендиребиз. Келечекте аларды газга өткөрөбүз.

Шаардык транспортту экологиялык таза отунга которуу

Борбор калаанын аймагында Euro-4төн төмөнкү стандарттагы күйүүчү майга тыюу салабыз. Шаар ичиндеги автотранспорттордун зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу тыкыр текшерилет. Электр жана газ менен жүргөн коомдук транспортторду сатып алууга жетишебиз. Муниципалдык транспортторду да газ менен электр энергиясына өткөрөбүз. Ал үчүн тийиштүү инфраструктураны түзөбүз.

Электр энергиясына дифференцияланган баалар

Биз электр энергиясына болгон баанын «кышкы» жана «жайкы» деп бөлүнгөн ийкемдүү, дифференцияланган тариф системасын иштеп чыгабыз. Кышкы жылуулук сезонундагы электр энергиясын колдонуу нормативдерин кайра карайбыз. Жеке турак жай райондорунда жана жаңы конуштарда электр кубаттуулукту күчөтөбүз.

Жеке турак жайларды жана жаңы конуштарды газдаштыруу

Борбор шаарды газдаштыруу программасын иштеп чыгып, газдаштыруу фонду түзүлөт. Ал фонд жеке турак жайларга газ түтүктөрүн тартууга жеңилдетилген кредит берет.

Шаардын жашыл катмарын калыбына келтирүү

Шаардын жалпы колдонуудагы жашыл аймагын учурдагы 7 пайыздан 40 пайызга чейин жеткиребиз. Шаардын жашыл массивине кам көрүүдө, тагыраагы зыянкеч курт-кумурскалардан арылтуу иши шаардыктарга зыян келбегендей жол менен ишке ашырылат.

Таштанды иргей турган заводдун курулушу

Таштандыны иргей турган заводдун курулушун тездетебиз. Аны шаардын таштанды полигонунда курабыз.

Борбор калаанын экологиялык кодекси

Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн атайын Экологиялык кодекс кабыл алынат.

Таштанды заводу демекчи, бул заводдун курулушу Бишкекке өтө зарыл. Таштанды полигонундагы миңдеген тонна таштандыдан чыккан түтүн тегерегиндеги жаңы конуштарды эле эмес, шаардын өзүнө чейин каптай баштады. Ал жакка эмдигиче европалык донорлор берген 22 миллион долларга ири таштанды иштетүүчү завод курулуп калмак. Муниципалдык бийликтин шалаакылыгынан, кайсы бир күчтөрдүн жеке кызыкчылыгынан улам бул долбоор ишке ашпай токтоп калган. Биз бул ишти атайын комиссия түзүп иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жагын көтөрөбүз. Ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун тездетебиз!

№7 - «Ишеним» саясий партиясы абасы таза шаар, ден соолугу чың шаардыктар үчүн!

«Ишеним» - профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан