Бишкекте эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жана аны алып качууга шектелген эркектин жансыз денелери табылды

Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-апрель күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылган. Белгилей кетсек, аталган унаа кыз уурдоого шектелип изделип жаткан унаа экендиги аныкталган.

Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.

Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көрүшкөнүн, бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегендерин билдиришкен. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп милиция чакыртышканын айтышкан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Т.З. аттуу жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө ар кандай бычак жарааттарын келтирип кол салган.

Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ulik11
2021-04-07 20:44:31
Оо кудай эмне эле болуп баратабыз?! Барган сайын журок тушургон жанылыктар чыгып Эле
+8
Kanybekov94
2021-04-07 20:50:09
Милиция 3 кундон бери каякты карап атты экен жолдогу камералар деле бизнес учун коюлган экен да болбосо ошондон карашса кайда кайсы жол менен кайсы тарапка кеткенин билишет элего эми жок дегенде берки жанын да жургон балдарды таап жазалашсын арткы таксиге отуруп атышпады беле...кызга жаман болду арты кайырлуу болсун эми
+14
nazira...
2021-04-07 20:53:22
Чоп чоң эле адамдар экен андай жолго барбаса керек, балким башка бирөөлөр кылгандыр. Эмнеси.болсо да ата энелерине эле кыйын болду, бейиши.болсун.
+2
Sakubek
2021-04-07 20:58:36
Мумкун достору олтургондур. Досторун Суракка алып анан айтсанар
+6
Kyrgyz_bloger
2021-04-07 21:06:32
Милиция издегиси келбей эле жигит да озун олтургон деп коюшу мумкун,анда мнеге алып качкан видеодо жигит жалгыз эмес шериктери бар болчу,бул жерде башкалар аралашкан кылмыш бар го дейм,озунду бычак менен ар жеринди кечкилеп олтуруш ото кыйын даже мумкун эмес.
+10
JaneEr
2021-04-07 21:38:20
Экоону тен олтуруп кетишти(((
+2
Shabi
2021-04-07 21:40:33
Видеодо корунуп тургандай,ал жерде кыз менен эле бала эмес болчу да.3 4бала бар эле.эми ошолорду таап сурака алышса,даагы жаны маалыматтар чыгаар.А то бизде мындай кээ бир иштерди суидсит деп койчу эле.Бул окуяны дагы ошенпесе экен деп жатам,сразуле кызды олтуруп бала озун озу олтурду деп жатышат.Бурулайдын окуясы даагы кайталангандай.
+5
Belek1710
2021-04-07 22:03:48
Табылып калса экен дедим эле аман-эсен, кайрат айтам кыздын ата-энесине, бала 1985жылкы болсо башы жок болгон экен ушуга чейин үйлөнбөй, кыз менен мамиле кура албай! Салып берген досторун дагы тез арада камаш керек, адам өлтүрүү, уурдоо менен. Жанында болушкан да достору, бандит сөрөй болсо керек, чырактай кыздын өмүрүн кыйып!
+6
Sajakat14
2021-04-19 03:50:44
Belek1710,бул киши түрмөгө жатып чыккан неме экен Үй бүлөсү бар экен.
0
Ozgocho111
2021-04-07 22:26:45
Массалык зордуктоо болгону корунуп турат, кантип эле бычак менен озун озу сайгыласын тообо. Эмне деген олкодо жашап жатабыз.
+3
mira28
2021-04-08 00:47:29
Ozgocho111,менин да оюм зордуктоогт кетти.Кыз бечараны олгучо зордуктап 85 жигити болушкан болсо аны олтуруп качышканбы деген.Себеби 2 кунго чейин алып качкан жигиттер жок дегенде досунан кабар алышмак да.Эл озу таап жазалабаса ИИМ тоок уурдаганчалык жыл берип чыгарып жиберет.Куноонун баарын олгон экооно артып коет.Жакындары даяр материал таап берсе да оперативно таба алышпаганы окундурот.Мумкун бироо тируу калмак.Байкуш кыз жаткан жери жайлуу болсун.Ото окунучтуу.
+4
Ozgocho111
2021-04-08 06:29:26
mira28,ооба да айдан ачык корунуп турбайбы, окунучтуу..ата энесине сабыр
0
Sajakat14
2021-04-12 04:05:22
Чындык баары бир чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан