Бишкек шаарында комузчу, композитор Ыбрай Тумановдун 125 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу улуттук китепкананын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чара Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын, улуттук китепкананын колдоосу менен уюштурулууда.
20-октябрда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында комузчулардын кароо-сынагы өтөт.
21-октябрда улуттук китепканада "Күү залкары Ыбырай Туман уулу" китеп көргөзмөсү ачылат
21-октябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу отурум, комузчулардын кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, концерт болот. Иш-чарага ЖКнын депутаттары, президенттик аппараттын өкүлдөрү, билим берүү, маданият ишмерлери, студенттер жана башкалар катышат.