"Балыкчы шаарынан болот". Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын таанышы ал тууралуу айрым маалыматтарды ачыктады

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын таанышы ал тууралуу маалыматтарды социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Канатбекованын сөөгүн учурда жакындары Балыкчы шаарына алып кетип жатышат.
"Бүгүнкү үрөй учурган окуяга байланыштуу... Айзада менен жакшы таанышмын. Аябай жаркылдаган кыз эле. Биздин кошуна болот. 1994-жылы төрөлгөн. Жашы 26 да. Кичинекейибизде чогуу ойноп эле жүрчү элек. Айзада Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болот. Өтө жакшы кыз эле. Эч жамандыгы жок, түз жүргөн кыз. Кичинекейимден эле жакшы тааныйм.
Алтыным Айзадам, Аллахым бейишине алсын. Сенин бирөөгө кымындай да жамандыгың жок эле. Айзаданын сөөгүн азыр жакындары Балыкчыга алып кетип жатышат", - деп жазды ал.
5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ozgocho111
2021-04-08 06:07:58
Аябай жакшынакай кыз экен, байкуш.....
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан