Депутат ички иштер министринин кызмат ордун карап чыгууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев ички иштер министринин кызмат ордун карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн Ички иштер министрлигинин маалыматын угууну сунуш кылам. Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада боюнча окуяга милиция кызматкерлери убагында реакция кылган жок. Ички иштер министринин кызмат ордун дагы карап чыгалы. Бул сунушту бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизели", - дейт ал.

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан