Бишкек ШИИББи: "Айзаданы таба албаганыбызга бюрократия тоскоол болду"

Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда кылмыш ишинин бетин ачууда көп убакыт талап кылынары айтылды.

"Каза болгон кыздын апасынын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан соң тергөөчү сурак жүргүзүп, керектүү документтерди даярдайт. Андан соң ал иш прокуратурага жөнөтүлөт. Кийин сотко өткөрүлөт. Мыйзам боюнча иш ушундай тартипте жүрөт. Мунун баары көп убакытты талап кылат. Мына ушундай бюрократия көп убакытты талап кылат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалымат шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekmamat
2021-04-08 12:19:28
Бюрократия тоскоол болду дегенге тушунбойм. Бюрократияны оздору пайда кылып жатышбайбы. Мына сага милиция бизди коргойт деген кеп. МВД озгортуш керек. Карт боорулорду иштен алып.
+2
JaneEr
2021-04-08 13:30:52
МВД талтайып отура бербей издебейби?Чокусуна тоскоол болдубу
+1
Aimani
2021-04-08 14:13:25
Иш ачып прокуратурага өткөргөнгө чейин эле план перехват кылып тапса болмок да.телефоно сүйлөшүптур го.демек тирүү болчу ал убакта.100процент шанс болгон экен сактап калганга.милиция күнөөлүү
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан