Айзада Канатбекованы алып качкан адам Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылы келип такси кызматында иштеп жаткан. Акыркы эки-үч айдан бери ал унаада жашап, ошо унаасы менен жумуш кылып жүргөн. Бул маалыматтардын баары учурда текшерилүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин жетекчилери маалымат жыйында билдиришти.
"Кылмышка шектүү адамдын агасынын айтымында, ал Орусияда тоноочулукка шектелип соттолгон. Алты жарым жыл абакта отуруп чыккан. Башка өлкөнүн жараны менен үй-бүлөсү болгон, аты Замирбек, эки баласы бар. Бирок учурда бул айтылган маалыматтар текшерилүүдө" - деп билдиришти Бишкек ШИИБинен маалымат жыйын учурунда.