Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын сөөгүнө экспертиза дайындалып бүтүп, айылына жөнөтүлдү (видео)

Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын сөөгүнө экспертиза дайындалып бүтүп, айылына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперт Арслан Качкынов SUPER.KG порталына билдирди.

"Кыздын сөөгүнө экспертиза жасалып бүтүп, айылына алып кетишти. Алдын ала жыйынтыктар боюнча кыз муунтулуп каза болгон. Себеби моюнунда тактар бар. Ал ак түстөгү аркан менен муунтулган. Себеби окуя болгон жерден ошол нерселер табылган. Эми жыйынтык бир айдын ичинде чыгат. Кыздын денесинде бир аз тактар бар.

Кыз менен бала унаанын арткы орундуктарында болгон. Машина бекилген, анын ачкычы баладан табылды. Милиция кызматкерлери анын айнегин талкалап киришкен. Ал эми бала моюнуна бир жолу бычак сайган. Кан көп кетип каза болгон. Кан кызга дагы чачыраган жана бычак баланын колунда болгон. Баланын жансыз денесине дагы экспертиза дайындалган", - деди Аламүдүн райондук соттук медициналык эксперт Арслан Качкынов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhazgul98
2021-04-08 11:38:05
Коомдук Маданияттын бийиктиги аялзатына болгон мамилеси менен аныкталат.
+4
Ozgocho111
2021-04-08 12:14:57
Ата энесине сабыр
+8
JaneEr
2021-04-08 13:46:10
Экоо тен жертва окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан