Бишкекте "Мыкты айдоочу" аттуу сынак башталды

Бишкекте 13-октябрда коомдук унаалардын айдоочулары арасында "Мыкты айдоочу" аттуу сынак башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Сынакка кичи автобус, автобус жана троллейбустардын айдоочулары катыша алат. Сынак 3 багыт: "Кичи автобустун мыкты айдоочусу", "Автобустун мыкты айдоочусу" жана "троллейбустун мыкты айдоочусу" боюнча өтөт. Максаты - борбор шаардагы коомдук унаалардын жүргүнчү тейлөө сапатын жакшыртуу. Мыктылар СМС добуш берүү аркылуу тандалат. Сынак боюнча жарыялар коомдук унаалардын ичине жайгаштырылат. Коомдук унаанын ички жана сырткы абалына, айдоочунун сырткы көрүнүшүнө, жүргүнчүлөр менен сүйлөшүү маданиятына көңүл бурулат. Жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылып, жеңүүчүлөр 100 долларга ээ болушат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан