Кыздын жеңеси: "Айзаданын каза болгонун интернеттен уктум"

SUPER.KG порталына ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын жеңеси Мээрим Токтогул кызы кайын сиңдиси жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, аны ала качып кеткен бала кызга сөз айтып, сезимдерин билдирип жүргөн. Бирок кыз аны менен мамиле курган эмес.

"Эртең менен жумушка бара жаткан жеринен унаага салып кетишип, ошол бойдон таппай калдык да. Мен балдардын эч кимисин тааныбайм. Бала болсо сиңдиме сөз айтып, сүйүүсүн айтып жүрчү. Сиңдим анын сөзүн кабыл албай жүргөн. Айзада Кыргыз-Түрк "Манас" университетин жаңы эле бүтүп, эми дипломун колго алды эле. Анын мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүлгөнүн интернеттен уктум. Мындай жаман ойлобогон үчүн ишенген жокмун. Биз милицияга ишенип табылып калар деп күтүп отура бердик. Мындан кийин бирөө дайынсыз жоголо турган болсо, милицияны карап отурбай эле биригип издешибиз керек болуп калыптыр. Видео байкоодо алып кетип бара жатканын көрүп да жакшы издебей коюшкан", - деп билдирди жеңеси көзүнө жаш алып.

Белгилей кетсек, 5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Кечээ, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Видеону толугу менен биздин порталдан көрүңүз.
Кыздын сөөгүн туугандары айылына алып кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан