Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Анда ала качуунун курмандыгы болгон кыздын өлүмүн иликтөө боюнча маалыматтар айтылууда.
"Катталган кылмыштардын бетин ачуу менен иштейбиз. Бул иш боюнча ошол эле күнү бардык багыттамалар, кармоо операциялары берилген, участкалык, шаардагы, региондогу кызматкерлерге багыттамалар берилген. Тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн коомчулукка көп нерсени жарыя кылган жокпуз", - деди Бакыт Матмусаев.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалымат шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.