Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, бишкектиктердин көкөй кескен көйгөйлөрүн ичтен билип, маселелерди чечип, элдин жашоосун жакшыртууга өз салымын кошкон жигиттерден уучубуз куру эмес. Тагыраак айтканда, Бишкек шаары үчүн күйүп, анын өнүгүүсү үчүн жан үрөп иштеп келе жаткан "Эмгек" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Русланбек Жакышов менен маек курдук.
- Саламатсызбы, Русланбек мырза? Биз сизди балбан, айдоочу жана транспорт тармагынын жетекчиси катары жакшы билебиз. Айтсаңыз, сиз кантип шаардык кеңештин депутаты болуп барып калдыңыз эле?
- Саламатсызбы? Мен айдоочу, бригадир жана чакан фирмада директор болуп жүрдүм. Анан өзүм шаардагы жаңы конуштардын биринде жашагандыктан андагы көйгөйлөрдү көтөрсөк, биздин үнүбүз акимге, шаардын жетекчилерине жетпей койду. Бул нерсе мени абдан намыстантты. Эмнеге мен жигит болгон соң эл жүгүн көтөрүп, маселелерди чечүүгө кол кабыш кылбашым керек деген ой келди. Мындан улам 2012-жылы шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, шайлоодо жетиштүү добуш албай өтпөй калдым. Анан 2013-жылы өзүм элдин көйгөйүн жакындан билиш үчүн айыл өкмөттө иштеп көрөйүнчү деп, Бишкектеги айыл өкмөттөрдүн биринде 3 жылга жакын башкарманын орун басары болуп, элдин кандай көйгөйлөрү бар экенин өз жон терим менен сездим. Ошол эле маалда ал жактан жакшы тажрыйба топтоп, такшалдым. 2016-жылы кайрадан депутаттыкка аттандым. Депутат болгондон кийин маселени ичтен билсең иштегенге да жеңил болот экен. Учурдан пайдаланып, мага ишеним артып депутаттыкка шайлаган Арча-Бешик конушунун тургундарына ыраазычылыгымды билдирем.
- Сиз Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышындагы төбөсү көрүнгөн депутаты катары шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, элдин жакшы жашашына шарт түзүп берүү боюнча кандай демилгелерди көтөрдүңүз жана кандай ийгиликке жетише алдыңыз?
- Муну шайлоочуларым жакшы билет деген ойдомун. Канализация, түнкү чырак, жаңы конуштарда мамлекеттик бала бакчаларды салуу, мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сындуу көйгөйлөрүн шаардык кеңештин жыйында колумдан келишинче көтөрүп, аны чечип берүүгө болгон аракетимди жумшадым. Негизи эле мен шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө өз салымымды кошууга бар күчүмдү жумшап келе жатам десем туура болот. Анткени депутаттыкка аттанып жатканда эл менен жолугушуулардан жана алардын маселелерин угуудан качпайм деп өзүмө сөз бергем. Мындан улам өзүмдүн аппаратыма, катчыма мага шаар тургундары кайсы күнү, кандай гана көйгөй менен кайрылбасын токтоосуздан мени менен жолугушууга киргизгиле деп айткам. Анткени адамдар бизге үмүт артып, маселесин айтайын деп шаардын аркы башынан бери келип жатса, анан биз аларды убагында кабыл албай же жарандарды кабыл алуу күнүм эмес эле деп жолукпай койсок эл өкүлү катары туура эмес болуп калат. Анын үстүнө элдин атка минерлерге болгон ишеними кетип калган. Себеби алар элди күттүрүп, "графигим толуп калды" деп кабыл албай коюп жатып, элдин көңүлү шаар жетекчилеринен калып калган. Мындан улам мага калаабыздын Алтын-Ордо, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Өргө же башка конуштарынын жашоочулары кандай көйгөй менен кайрылып же чакырбасын, ал маселелерди шаардык кеңештин жыйындарында көтөрүп чыгып турдум. Ошондой эле оперативдүү түрдө ал маселелерди чечүү үчүн өзүм менен кошо вице-мэр, акимдерди кошо суранып алып барып, проблеманы жеринен чечүүгө аракет кылдык.
Мындан ары да элдин көйгөйүн көтөрүп, аны чечүү жолдорун сунуш кыла бермекчимин.
Эми ийгилик жөнүндө айта турган болсом, мен шаардык кеңешке элиме ак кызмат кылып, ак батасын алайын деген максатта гана баргам. Анан жумурай журт сенин кылган ишиңди баалап, сен жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, ак батасын берип турса, мен ошону менин ийгилигим деп эсептейм. Мен ийгиликти байлык, мансап же кымбат кийим менен баалабайм. Ошондуктан элдин мага карата айткан жакшы каалоо-тилектерин ийгилик деп эсептейм.
- "Эмгек" партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына кайра баратасыз. Шаардагы таштанды, абанын булганышы сыяктуу орчундуу маселелерди кантип чечсе болот?
- Абдан жакшы суроо. Мен таштанды маселеси боюнча буга чейин да бир топ демилгелерди көтөрүп, мэрге, вице-мэрлерге сунуштарымды айткам. Шаардын бир районундагы калдыктарды тазалоо боюнча эксперимент катары жеке менчик компанияга берип көрөлү дегем. Мисалы: орусиялык бир компания ордо калаадагы таштандыларды өзүлөрү тазаламак. Өзүнүн техникасы да бар эле. Бул элге да, мамлекетке да пайдалуу болмок. Анткени бир эле райондон чоң каражат үнөмдөлмөк. Тилекке каршы, мэрлердин тез-тез алмашып кеткендигине байланыштуу бул маселе чечилбей, ара жолдо калды. Азыр биздин "Эмгек" партиясынын программасында таштандыларды сорттоо ишин киргизүү каралган. Башкача айтканда, Бишкектин полигонго ташылуучу турмуш-тиричилик калдыктарынын санын кыскарталы деп жатабыз. Себеп акыр-чикир айлана-чөйрөгө, жаратылышка чоң зыян келтирип, анын кесепетинен аба булганууда. Ошондуктан биз таштандыларды ылгоо ишин киргизип, кайра иштетүүгө шарттарды түзөбүз. Бул өз кезегинде оң натыйжа берет деп ишенем.
Ошондой эле программабызда экологиялык коопсуздукка абдан жакшы көңүл бурулган. Максатыбыз - баш калаанын абасын жакшыртуу. Ал үчүн мэриянын алдында Экологиялык эксперттик кеңешин түзүү планы коюлду. Андан сырткары борбордун абасынын булгануусуна каршы күрөшүүгө активдүү жарандарды жана коомдук уюмдарды тарталы деп жатабыз. Кыскача айтканда, биз экологияга зыян келтирбей тургандай шаар турмушун куруп берүүнө көздөдүк. Учурда Бишкек ЖЭБин жана шаардын айланасындагы 54 жаңы конуштун тургундары кышкысын үйүн жылытуу үчүн көмүр жагышат. Бул борбор калаабызды ыш басып калуусунун себептеринин бири. Ошондуктан биз үйлөрдү жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүшүбүз керек. Бирок конуштарда жашаган тургундардын баарынын эле үйүнө көгүлтүр отту киргизүүгө чама-чаркы жетпейт. Ошондуктан шаардын жетекчилери эл менен сүйлөшүп, конуштарга газды тургундун ашканасына чейин киргизүү үчүн кете турган каражатка байланыштуу кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү же көмөктөшүү керек деген пикирдемин. Муну менен катар мончолорго унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан ар кандай калдыктарды жагып жаткан тараптар да жок эмес. Биз бул маселе боюнча да партиябыздын программасына да камтып, көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледик. Ошондой эле электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар үчүн инфраструктура түзүү, электромобилдерди сатып алуу үчүн жеңилдиктерди берүү зарыл.
Биз "Демилге. Эмгек. Натыйжа" деген ураандын алдында улуттар аралык ынтымак жана ырашкерлик менен өнүккөн Бишкекти курууга жана жыргалчылыкка жетишүүгө болорун баса белгилейбиз.
"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.