Биз социалдык тармакта

Бразилияда коронавирустун жаңы кооптуу түрү табылды

Бразилияда коронавирустун кооптуу жаңы түрү табылды, ал 18 ар башка мутацияны бириктирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бразилиянын Минас-Жерайс штатынын борбору Белу-Оризонти шаарында табылган жаңы инфекция COVID-19дун мурун аныкталган кооптуу түрлөрүнө мүнөздүү белгилердин айкалышын камтыйт. Бул британдык, Түштүк Африка жана Бразилиянын дагы эки штаммына мүнөздүү мутациялар экендиги белгиленди.
24-мартта Индияда кош мутациясы бар коронавирустун жаңы түрү табылганы белгилүү болгон. Азырынча бийлик мутациялардын пайда болушу менен Индиянын айрым штаттарында оорунун тез көбөйүшүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш түзүү үчүн жетиштүү маалыматка ээ эмес деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан