
Президент
Садыр Жапаров Бишкектин четинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн
Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө аларын, бул иш аягына чыгарылышы зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.
Президент Айзада Канатбекованын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын баса белгилеген.
"Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия.
Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет.
Тилекке каршы, ала качуу үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгына карабастан уурдап кетип, мажбурлап никеге тургузуу жаштар арасында алигиче болуп келет. Бир нече жыл мурда мындай трагедия Бурулайдын башына келип, бир адам ага үйлөнөм деп ала качууга аракет кылган. Бурулай ысымы кыргызстандыктар үчүн эстен кеткис ысым катары калды. Кылмышкер жасаган иши үчүн соттолду. Бурулай болсо үй-бүлөсүнөн ажырап, бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Мындай окуялар болбошу керек.
Ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим болбошу керек.
Айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет.
Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн бардыгы жазаланышы зарыл.
Мен Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.
Кыргызстандын бардык жарандарын эгерде кыз ала качуу аракеттерин көрүп калса, кайдыгер карабоого чакырам. Ар бир кыргызстандыктын өмүрү жана эркиндиги баарынан жогору турат.
Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат", - деп жазган өз сөзүндө президент.
Окуянын чоо-жайы:
5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.