Жалгыз кыз болчу. Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын сөөгү бүгүн жерге берилет (фото)

Бүгүн, 8-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн жерге берилет.

Белгилүү болгондой, ал үй-бүлөдө жалгыз болчу. Апасы менен Бишкек шаарында жашап жүргөн. Балыкчыдагы үйүнө боз үй тигилди.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raykray
2021-04-08 14:56:52
Шектуу кармалсада, бир дайындуу жооп! Тен тушунбодум кыз алакачканга бычак ала барышканбы? Жанындагы балдар билгенби бычак баарын? Алар чоогуу беле?????
+4
Jibakana
2021-04-08 16:30:57
raykray,маг да Ошо кызык,балким мурдатан пландалган жокпу олтуром деп?олтуруп жатканда жанындагылар ажыратып койбой кайда эле?ушуларга жок дегенде жооп алса экен Эми менттер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан