SUPER.KG порталы 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып барып, аны муунтуп өлтүрүп андан соң өзүн өлтүргөнгө шектүү жаран тууралуу маалымат топтоду.
Замирбек Теңизбаев 1985-жылы 22-апрелде Ош облусуна караштуу Алай районунда туулган.
Өздүк булактардын маалыматына ылайык, баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Ошол себептүү, анын апасы Орусиянын Москва шаарында жашайт.
Ал эми Бишкек шаардык милициянын маалыматына караганда, ал буга чейин 3 ирет соттолгон.
2008-жылы Орусиянын Киров райондук соту тарабынан "уурулук" беренесинин негизинде 3 айга эркинен ажыратылган.
2009-жылы 26-ноябрда Орусиянын Железнодорожный райондук соту "тоноо" беренеси боюнча 2 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. 2011-жылы 10-июнда эркиндикке чыккан.
2012-жылы 10-июлда Зеленоградск райондук соту тарабынан "каракчылык", "опузалоо", "жасаган кылмышынын негизинде жазага тартуу" беренелери боюнча 5 жыл 6 айга камакка алынган. 2017-жылдын 29-июнунда жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, Кыргыз өлкөсүнө депортацияланган.
2020-жылдын 30-июнунан тарта Замирбек Теңизбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.
Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.
Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди.