Япон дарыгерлери дүйнөдө алгачкы болуп коронавирустун кесепетинен пневмониянын оор түрүнө чалдыккан бейтаптын өпкөсүн ийгиликтүү алмаштырды

Япон дарыгерлери дүйнөдө алгачкы болуп коронавирустун кесепетинен пневмониянын оор түрүнө чалдыккан бейтаптын өпкөсүн ийгиликтүү алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Япониянын Киото университетинин ооруканасынын адистери коронавирустун кесепетинен пневмониянын оор түрүнө чалдыккан бейтаптын өпкөсүн ийгиликтүү алмаштырды. Бул дүйнөдөгү биринчи тирүү донордун өпкөсүн трансплантациялоо оор өпкө жаракатына чалдыккан бейтаптар үчүн келечектүү дарылоо болуп саналат.
Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан аял күйөөсү менен уулунун өпкөсүнүн бөлүктөрүн алган. Башкача айтканда, аялдын өпкөсүнүн ордуна күйөөсү менен уулунун өпкөсүнүн бөлүктөрү операция жолу менен ийгиликтүү алмаштырылган. Ал өткөн жылдын аягында коронавирус илдетин жуктуруп алган, абалы акырындап начарлап, эки өпкөсү тең иштебей калган. Операция болжол менен 11 саатка созулган. Учурда бейтаптын жана эки донордун абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, мындай операция дүйнөдө биринчи жолу жасалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aza2100
2021-04-09 08:57:32
Чындыгында бул өлкөнүн даарыгерлери укмуш экен
+2
mirkaa5182
2021-04-09 10:11:38
Япондор кыйын калк келет өзү.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан