БШКнын төрайымынын орун басары: "3 талапкер шайлоодон четтетилди, 18 партия эскертүү алды"

3 талапкер шайлоодон четтетилди, 18 партия эскертүү алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

11-апрелде өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен аны уюштуруу маселелери тууралуу БШКнын маалыматы угулду.

"Бүгүнкү күнгө чейин ар башка саясий партиянын атынан чыгып жаткан 3 талапкер шайлоодон четтетилген, 18 партия эскертүү алган. Эгер шайлоочуларды сатып алуу тууралуу далилдүү фактылар бар болсо, шайлоо жараяндарынын бардык этаптарында мыйзам бузууга барган талапкерди жарыштан алып салуу мүмкүнчүлүгү бар", - деди Абдыжапар Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан