"Ишеним" партиясы: "911 кызматын" ишке берүү менен ар бир шаардыктын коопсуздугун камсыздайбыз!"

Бишкек шаардык кеңешине «Ишеним» саясий партиясы «Бишкек – биримдүүлүктүн, өнүгүүнүн жана мыйзамдуулуктун шаары» деп аталган программасы менен бара жатат.

Биз «асмандагы Айды алып беребиз же жылдыздарды терип беребиз» деген куру убадаларды берген жокпуз. Жакынкы аралыкта ишке ашырууга боло турган конкреттүү, реалдуу пландарды сунуштадык. Эң башкысы Бишкек – ар бир шаардык үчүн коопсуз, жашоосуна ыңгайлуу, заманбап шаар болушу керек. «Акылдуу шаар» долбоорун тезинен ишке берүү, коммуналдык кызматтардын тейлөөлөрү, уруксат берүү иштери, документация жана башка бардык иш-аракеттерди электрондоштуруп, онлайн режимге өткөрөбүз. Узун кезекке турган, чиновниктердин кабылдамасында саргайып күткөн көрүнүштөр өткөн чакта калышы керек.

Ачык айкындуулук - өнүгүүнүн кепилдиги. Биз шаардык бийликтеги баардык иштердин ачыктыгын камсыздайбыз. Шаардагы жер тилкелеринен баштап, бардык мүлктөрү ким тарабынан, кандай максатта пайдаланылып жатканы, шаардык бюджет кандай бөлүштүрүлгөнү жана башка маалыматтар ар бир шаардыкка алаканга салгандай көрүнүп турушу керек. Шаардык кызматтардын ишинин сапатына арыз, сунуштарды кабыл алган жана аларга мэрия жетекчилиги тарабынан кандай реакция болуп жатканын ачык-айкын көрсөткөн атайын веб-портал иштелип чыгат. Шаардын коомдук транспортунун абалын жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурулат. Бишкектин коомдук транспорту жол эрежелерин кынтыксыз сактоо менен жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу жана тез жеткиргендей болушу керек. Менчик транспорттук мафиялардын барымтасынан сөзсүз чыгабыз. Муниципалдык коомдук транспорттун санын арттырып, ишин жакшыртабыз. Ар бир троллейбус, автобустун жадыбалы түзүлүп, ар бир аялдамага илинет. Көрсөтүлгөн убактысынан бир минут да кечикпей, так иштегидей кылабыз.

Физикалык жана моралдык жактан эскирип бүткөн шаардын коммуналдык инфраструктурасына биздин партия өзгөчө көңүл бурат.

Шаардын ар бир тургуну шаардагы коопсуз, тынч жана бакубат жашоону жон териси менен сезгидей болушу керек. Бардык күч органдары жаңы, эффективдүү деңгээлде коомдук тартипти сактагыдай болот. Биз мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтиребиз. Чакалайдын чак түшүндө уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын биздин да тагдыры жан дүйнөбүздү кейишке салды. Мындай аянычтуу учур кайталанбашы керек! «Ишеним» партиясы чет элдик «911 кызматы» сыяктуу жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берген жана муниципалдык кызматтардын ишин көзөмөлдөөнү күчөткөн системаны ишке беребиз.

Өз ишинин чыныгы профессионалдары, жарандык активисттер жана өлкөнүн патриоттору чогулган биздин партиянын шаардын экономикасындагы, социалдык чөйрөсүндөгү, шаардын инфраструктурасындагы абалды кардиналдуу түрдө өзгөртүүгө күчү жетет. Бишкек - бул өлкөбүздүн жүзү. Биз шаарыбызды дүйнөдөгү ийгиликтүү жана бакубат ордо калаалардын бирине айлантууга болгон аракетибизди жумшайбыз!

№7 – «Ишеним» профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.altynbek
2021-04-08 19:34:01
Жомокчулар
0
Rusi79
2021-04-08 22:27:23
911 деп койсо эле америка болуп кетмек беле,андан коро колдон келишинче иштейбиз деп эле ачык айткылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан